super.kg logo

Бишкекте дагы бир ымыркай ташталды. Аны баштыкка ороп, кутуга салып коюшкан

 

Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда дагы бир жаңы төрөлгөн ымыркай ташталды. Маалыматты Ленин райондук ички иштер бөлүмү таратты.

Милициянын маалыматына ылайык, кечээ, 19-ноябрь күнү саат 22:45 чамасында 102 кызматына Арча-Бешик конушундагы Кара-Кужур көчөсүндөгү турак үйлөрдүн бирине желим баштыкка оролуп, кутуга (коробка) салынган жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу барган. Милиция кызматкерлери келгенде факты тастыкталган.

Учурда ымыркай ооруканада, анын абалын төрөт үйүнүн кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.

Учурда ымыркайдын апасынын жүргөн жерин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, бул бир айдагы экинчи ымыркай ташталган учур. Буга чейин Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайдын апасы ымыркайын таштанды челекке ыргытып жиберген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: