super.kg logo

"Оозуна даарат кагазын тыгып коюптур". Арча-Бешикке ташталган ымыркайды таап алган милиция окуя тууралуу айтып берди (видео)

 

Кечээ, 19-ноябрда Бишкектеги Арча-Бешик конушуна жаңы төрөлгөн ымыркай баштыкка оролуп, кутуга салынып ташталган.

Ымыркайга биринчи жардамга барган милиция кызматкери Толкунбек Ташматов окуя тууралуу айтып берди. Айтымында ымыркай табылганда тоңуп калган.

"Биз келгенде үй ээси кутуну алып чыкты. Ичин ачсак ымыркай тоңуп калыптыр. Аны баштыкка салып байлап коюптур. Мен үй ээсинен шейшеп сурап, ага ородук. "Тез жардамды" күтө алган жокпуз, анын жанын сактап калуу үчүн 5 мүнөттө №2 төрөтканага жеткирдик. Ымыркайдын оозуна ыйлабасын деп даарат кагазын тыгып коюптур, биз шашып жатып байкабаптырбыз. Аны төрөтканадан дарыгерлер алып чыгышты", - деди ал.

Бул бир эле айда Бишкекте болгон экинчи учур. Буга чейин дагы жаңы төрөлгөн ымыркайды апасы таштандыга ыргыткан. Кийинчерээк милиция аны кармаган.






Арча-Бешикке ташталган ымыркайды таап алган милиция окуя тууралуу айтып берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: