super.kg logo

Караколдо көчөдөн 31 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Кылмышка шектүү кармалды

 

Каракол шаарында жаранды бычактаганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрда Каракол шаардык милициянын нөөмөт бөлүмүнө "102" кыска номуруна "103" тез жардам кызматынан билдирүү келип түшкөн. Анда Каракол шаарынын даректеринин биринде белгисиз адам бычакталып өлтүрүлгөнү жөнүндө билдирилген.

Аталган маалымат каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш иши козголгон.

"Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келип, белгисиз азият улутундагы жашы болжол менен 30-35 жаштагы эркек адамдын сөөгүн табышкан. Териштирүү учурунда маркум Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылынын 31-жаштагы Б.Т. аттуу тургуну экени аныкталган.

Кылмыш иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Каракол ШИИБнин ыкчам-иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып шектүү колго түшүрүлгөн. Ал Каракол шаарынын 1988-жылы туулган Н.Р. аттуу тургуну болуп чыккан", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: