Бишкекте Юнусалиев көчөсүндөгү тротуарды капиталдык оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ахунбаев көчөсүнөн Сухэ Баторго чейинки узундугу 3 миң 200 метр тротуарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү.
"Капиталдык оңдоо иштери чыгыш тараптан башталып, жумуш аяктагандан кийин бригада батыш тарапка өткөн.
Иш учурунда кызыл сызыктан чыккан объектилер жоюлуп, тротуардын туурасы сакталып калган.
Азыр Юнусалиев көчөсүндө жаңы асфальтталган тротуар, ирригациялык система жана жаңы бордюрлар бар", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган аралыкта тротуарлардын курулушу Совет мезгилинде эле жүргүзүлгөн.
Бишкекте Юнусалиев көчөсүндөгү тротуарды капиталдык оңдоо иштери аяктады



Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.