Бишкекте чөп үстүндө хоккей боюнча Борбордук Азия чемпионатын өткөрүү сунушталды



Бүгүн, 20-ноябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Азия жана Эл аралык чөп үстүндөгү хоккей федерациясынын өнүктүрүү боюнча директору Захид Али менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда аталган спортту өнүктүрүү жана жайылтуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөр болуп, бир катар маселелер талкууланды.
Анда Захид Али Бишкек шаарында мектеп окуучулары арасында улуттук чемпионат жана Борбордук Азия чемпионатын өткөрүүнү сунуштаган.
"Алтынбек Максутов мындай демилгени колдой турганын белгилеп, мындан аркы жемиштүү кызматташуу тууралуу макулдашты", - деп айтылат министрликтин маалыматында
Ошондой эле жолугушууга Кыргыз Республикасынын чөп үстүндөгү хоккей федерациясынын президенти Кубан Атагараев жана федерациянын администрация директору Павел Савин дагы катышты.
