super.kg logo

"Катуу сөгүш". Бишкекте мас абалында унаа башкарган сот аткаруучу боюнча Жогорку Сот үн катты 

 

Бишкек шаарында мас абалында унаа башкарган сот аткаруучуга тартиптик жаза колдонулуп, катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

"Аталган окуя боюнча Сот департаменти тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Сот департаментинин этика боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусуна карата Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамына ылайык катуу сөгүш түрүндөгү тартиптик жаза колдонулду. Ал эми мас абалында унаа айдоо фактысы боюнча мыйзам чегинде сот тарабынан аталган сот аткаруучуга карата тиешелүү чаралар көрүлмөкчү", - деп билдиришти Жогорку Соттон.

Кечээ, 19-ноябрда Милициянын кайгуул кызматы мас абалында унаа башкарган сот аткаруучуну кармаганы кабарланган. Ал тааныштарына чалып, кутулуп кетүүнүн айласын издеген.






Видео: Милициянын кайгуул кызматы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: