Америка ачык чемпиондугунун US Open турниринде кыргызстандык балбан 2 алтын медаль утуп алды
Кечээ, 19-ноябрда АКШнын Колифорния штатында өткөн Америка ачык чемпионатында US Open турниринде кыргызстандык балбан Жусупалиев Азрет джиу-джитсунун бразилиялык түрү боюнча өткөн жарышта, 2 алтын медаль жеңип алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда спортчу SUPER.KG порталына билдирди.
Маалымдалгандай, спортчу 70 килограмм салмак чен бирдикте ( NoGi ) жана ( Gi ) эки версияда катышып, 2 ирет тең алтын медаль утуп алган. Ал баш-аягы 10 жолу беттеш өткөргөн.
Белгилей кетсек. спортчу эки жарым жылдан бери АКШда окуп, жашап келет. Турнирлерге университеттин атынан катышып жүрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.