super.kg logo

"Балдарга канат тартуулайбыз".  "Манас" эл аралык аэропортунан өзгөчө белектер

 

Балдардын Бүткүл дүйнөлүк коргоо күнүнө карата "Манас" эл аралык аэропорту ЮНИСЕФ уюму менен биргеликте "Балдарга канат тартуулайбыз" аттуу иш-чара өтөрүп, аэропорттогу жаш жүргүнчүлөргө көнүлдүү маанай тартуулады. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда "Манас" эл аралык аэропортунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарада жаш жүргүнчүлөрдү кубантуу үчүн оюнчук учактарды белекке беришкен.

"Бул өзгөчө оюнчуктар кыялдардын жана эркин учуунун символу болуусун кааладык. Мындай белекке ээ болгон ар бир бала өзүн чыныгы учкуч катары сезип, кыялдарын асманга учура аларына ишенебиз",- деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле ишкананын төрагасы Манасбек Самидинов азыркы мезгилде балдар ар кандай кыйынчылыктарга кабылып жатканын, андыктан балдардын өнүгүүсүнө ар тараптан колдоо көрсөтүү керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, "Манас" эл аралык аэропорту ЮНИСЕФ уюму менен кызматташуусу майрамдык маанайды түзүүгө гана эмес, балдарды кеңири колдоого багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: