Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасы катуу тиричилик калдыктары үчүн карызын бир жылдан ашуун төлөбөгөн жарандар үчүн рейд уюштурду. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек боюнча төрт райондо акча төлөбөгөн жеке жактардын жана чарбалык субъектилердин дарбаза, тосмлолоруна "Тазалык сенден башталат" деген жазуусу менен чаптама чапталды.

"Жыйынтыгында 120 абоненттен 181 миң 153 сом чогултулду. Бул иш-аракет карызы бар адамдарды коомчулук алдында уяткарып, жоопкерчилигин күчөтүү аракети. Мындай рейд иштери жума сайын жүргүзүлүп турат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча "Тазалык" муниципалдык ишканасына шаар тургундары жана чарбалык субъектилердин карызы 185 миллион сомдон ашат.