super.kg logo
  Спорт  

Дзюдо боюнча жаштар курама командасы Азия чемпиондугунда 6 медаль жеңди

 

Кыргызстандын дзюдо боюнча жаштар курама командасы Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн Азия чемпиондугунда 6 медаль (1 алтын, 3 күмүш, 2 күмүш) жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыздар арасында 63 килограммга чейинки салмакта Адина Көчкөнбаева алтын медалга ээ болсо, 78 килограммга чейинки салмак ченинде Шахида Нармухамедова жана +78 килограммга чейинки салмакта Акмаржан Турдажиева күмүш медалга ээ болушту. Ошондой эле 57 килограмм салмакта Жанар Жолдошева жана 70 килограммга чейинки салмакта Сауле Алмазова коло медалга ээ болушту.

Ал эми балдар арасында +100 килограмм салмакта Эмирхан Жолдошказиев күмүш медаль тагынды.

Белгилей кетсек, дзюдо боюнча жаштар курама командасы жалпы командалык эсеп боюнча 3-орунду ээледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: