Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгына арналган кече өтүүдө (видео)




Бүгүн, 20-ноябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгына арналган салтанаттуу кече өтүүдө.
Иш-чаранын башталышында кыргыз маданиятына зор салымын кошкон төкмө акындын баянын жаш акындар сахналаштырды. Ошону менен бирге экран аркылуу көрүүчүлөргө анын эмгектери, баскан жолу тууралуу кыскача видео көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, учурда төкмө акын 72 жашта. Анын “Комузчуларга”, “Улууларды эскерүү”, “Жаштар жөнүндө терме”, “Нан жөнүндө” жана башка чыгармалары бар.
Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгына арналган салтанаттуу кече өтүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.