super.kg logo
  Спорт  

UFC: Тарыхый жеңишке жеткен Мыктыбек Оролбай уулу канча гонорар алганы белгилүү болду

 

UFC уюмундагы дебюттук беттешинде жеңишке ээ болгон кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбай уулу беттеш үчүн жалпы 16 миң доллар тапкан. Бул тууралуу Yahoo! Sports сайтында жарыяланган маалыматтарда айтылат.

Тагыраагы, бул сумманын 12 миң доллары базалык төлөм, ал эми кошумча 4 миң доллары UFC медиа иш-чараларына катышуу үчүн бонус катары төлөнгөн. Ошол эле учурда анын атаандашы сербиялык Урос Медич 44 миң 500 доллар тапкан. Анын 40 миң доллары базалык төлөм, 4 500 доллары бонус.

19-ноябрга караган түнү Лас-Вегаста өткөн UFC уюмунун турниринде сербиялык Урош Медич менен беттешкен. Кармаштын экинчи раундунда Оролбай уулу атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

Белгилей кетсек, мушкер бир жума мурда UFC уюму менен келишим түзгөнүн жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: