super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Мен президент болуп турганда үй-бүлөсү уурдады деген түшүнүк болбойт"

 

Бүгүн, 16-декабрда Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда маалымат жыйыны өтүүдө.  

Криминалдык авторитеттер менен күрөш жүрбөй жаткандыгы айтылды. 

“Кримчөйрөнүн адамдары менен күрөшүү жүрбөй же көрүнбөй жатат дегендер бар. Көп нерсе бат эле унутулуп калат. Азыр деле күрөш жүрүп жатат. Алманбет Анапияевди өзүн пиарлап жаткандыгын айттыңар. Анын акчасын алып, макаласын ким жарыялап жатат?”- деди өлкө башчы. 

Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын тургундарынын өкмөттүн облустагы өкүлүн кызматтан алуу талабына токтолуп: “Кетсин деген 10 адамдын талабы менен бүгүн Каптагаевди кызматтан алсак, эртең Сатыбалдиевдин, анан президенттин кетишин талап кылып чыгышат. Бардык нерсе мыйзам чегинде болушу керек”,- деп кошумчалады. 

Эки революциядан кийин элибиз кыйын кезеңге туруштук бере алган күчтүү калк экенин далилдегенин айтты. Мындан сырткары 2014-жылга болжолдор боюнча: “Мен президент болуп турганда үй-бүлөсү уурдады деген түшүнүк болбойт. Кыргызстандын өнүгүүсүнө ишенем. Чет өлкөгө кеткендер кайра келет деп ойлойм. Жакшылыкка ишенүүгө чакырат элем. Мен 57 жаштамын. Ушуга чейин ишеним менен гана жашадым. Албетте, ишенип эле отура бербей эмгектенүү да керек”,- деди мамлекет башчы.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: