super.kg logo

Токтогул ГЭСинде сержантты атып салган жоокер: Ал табыла элек

 

Кара-Көл шаарындагы аскер бөлүгүндө кенже сержантты атып, андан кийин кароол жайын таштап качып кеткен жоокер табыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

Булактын айтымында, учурда кенже сержантты атып, андан кийин качып кеткен 21 жаштагы жоокерди издөө иштери жүрүп жатат.

Кечээ, 20-ноябрь күнү таңга жуук Кара-Көл шаарындагы аскер бөлүгүндө өзгөчө кырдаал катталган. Алдын ала маалымат боюнча, Токтогул ГЭСинде кароолдо турган жоокер жанындагы кенже сержантты атып, андан кийин кароол жайын таштап, куралын алып качып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: