Эскертүү! 23-ноябрда Бишкектин 7-кичи районунда суу өчүрүлөт
23-ноябрда Бишкектеги 7-кичи райондо суу токтойт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, саат 09:00дөн 17:00гө 7-кичи райондун №6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 15/3, 173/2, 173/6, 16а, 16а/1 үйлөрүндө, №20 мектеп (мурунку бала бакча), ошондой эле 7-кичи район, 23/1 дарегиндеги бала бакчада суу болбойт.
Суу шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерди жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
"Бишкексууканал" жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.