super.kg logo

Айгүл Жапарова Токиодогу Балдардын ден соолугу жана өнүгүүсү улуттук борборунда болду

 

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова президент Садыр Жапаровдун Японияга расмий сапарынын алкагында Токио шаарындагы Балдардын ден соолугу жана өнүгүүсү улуттук борборуна барды. Бул тууралуу биринчи айым Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Маалым болгондой, борбордо Айгүл Жапарованы мекеменин президенти Игараси Такаси тосуп алып, мекеменин ишмердүүлүгүнө кыскача токтолду.

Андан ары алар балдар бөлүмүндө болушту. Ал жакта дарылануу менен бирге балдар тарбиялык сабактардан өтүшөт (мектеп программасын калтырбоо үчүн). Ошондой эле интенсивдүү терапия жана реабилитация бөлүмүндө болушту.

Игараси Такаси борбордо ит терапиясы (канистерапия) жүргүзүлөрүн, ал япон тараптын маалыматы боюнча адамдын нерв системасына оң таасирин тийгизип, айыктыруучу жана ден соолукту чыңдоочу таасирге ээ экенин билдирди. Япон тараптын ишенимине ылайык, ит менен баарлашуу адамга эмоционалдык жана моралдык канааттануу алып келери байыртадан эле белгилүү, ал эми адамдын жаныбарлар менен байланышынын пайдасы азыр илимий жактан далилденген.

Айгүл Жапарова борборго болгон сапарынын алкагында биринчи айымды Японияда учурашуунун салттуу түрү – жүгүнүү менен тосуп алган, Наса аттуу ит менен таанышып, ал жылуу эмоцияларды тартуулады.

Биринчи айым жаныбарлар баланын эмоционалдык жана физикалык ден соолугуна пайдалуу таасир бере аларын канааттануу менен баса белгилеп, Балдардын ден соолугу жана өнүгүүсү улуттук борборунда болуу мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылык билдирди.

Соңунда ал борбордун кызматкерлерине иштерине ийгиликтерди, ал эми балдарга бекем ден соолук жана жаркын келечек каалады.

Маалымат үчүн: Балдардын ден соолугу жана өнүгүүсү улуттук борбору саламаттыкты сактоо жана изилдөө аркылуу келечек муундардын ден соолугун жана бакубаттуулугун бекемдөө үчүн өз ара тыгыз кызматташкан ооруканадан, илимий институттан жана клиникалык изилдөө жана өнүктүрүү борборунан турат.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапары аяктап, бүгүн, 21-ноябрда Бишкекке кайтып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: