Ошто унаа токтотуучу жайлар үчүн Раимбеков көчөсү 3 метрге кеңейтилди





Ошто Раимбеков унаа жолу 3 метрге кеңейтилди. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Оштун мэри Бактыбек Жетигенов тиешелүү кызматтарга жана куруучуларга жасалып жаткан жумуштарды сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү талабын койду. Анын ичинде электр жана интернет провайдерлердин чубалгыларын иретке келтирүү, куураган, кооптуулукту жараткан дарактарды алып салуу жана башка жака жылдыруу сыяктуу коммуналдык тармактарга тиешелүү болгон жумуштарды белгиледи.
Мындан тышкары Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына кызыл сызыктан чыгып кеткен имараттарды жана жарнамаларды талапка ылайык келтирүү боюнча тапшырма берилди.
Белгилей кетсек, унаа токтотуучу жайларды уюштуруу үчүн Ж.Раимбеков көчөсү 3 метрге кеңейтилген.
