УКМК кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатканын билдирди
УКМК Чек ара кызматы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жаткандыгын билдирди.
Маалыматка караганда, “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгүнө байланыштуу транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн топтолуусу байкалууда.
"21-ноябрда саат 13:00го карата “Ак-Тилек-автожол” КӨЖда чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 510 жүк ташуучу унаа турат", - деп айтылат билдирүүдө.
Өткөн сутка ичинде чек арадан 555 автоунаа өткөн, анын ичинен 273ү өлкөдөн чыкса, 282 унаа Кыргызстанга кирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.