super.kg logo

"Gelandewagen, BMW, KIA". Камчы Көлбаевдин унаалары аукционго сатыкка коюлду (баалары)

 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кымбат баадагы автоунааларды сатуу боюнча электрондук аукцион жарыялады. Бул тууралуу маалымат фонддун сайтына жарыяланды.

Билдирүүдө унаалар министрлер кабинетине таандык экени айтылат. Бирок алар мурда кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык болгон. Өз кезегинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Көлбаевдин автоунаалары мамлекетке ыктыярдуу түрдө өткөрүү боюнча келишимдин негизинде аукционго коюлганын билдирген.

Аукционго коюлган биринчи унаа 2021-жылкы BMW Alpina XB7 болгон. Баштапкы баасы 18 миллион сом (болжол менен 202 миң доллар).

Аукциондо сатыктагы экинчи унаа 2019-жылы чыгарылган Hyundai Genesis. Баштапкы баасы 2 миллион 800 миң сом (31,4 миң доллар).

Дагы бир унаа 2019-жылкы Kia Rio X-LINE. Баштапкы баасы 1 миллион 150 миң сом (12 миң 900 доллар).

Аукционго 2017-жылы чыгарылган Mercedes-Benz S600 үлгүсүндөгү унаа да коюлган. Бул унаанын баштапкы баасы 25 миллион 500 миң сом (286,1 миң доллар).

Аукциондогу дагы бир унаа 2013-жылы чыгарылган Mercedes-Benz G500. Баштапкы баасы 5 миллион 400 миң сом (60,5 миң доллар).

Мындан тышкары аукционго 2005-жылы чыгарылган Toyota Land Cruiser Prado унаасы коюлат. Баштапкы баасы 1 миллион 250 миң сом (14 миң доллар).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.11.2023. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Райым аке албайт, ал матизде жүрөт, ким сатып алганга аракет кылса ошол кишинин байлыктары текшерилет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: