super.kg logo

Арча-Бешиктен табылган ымыркайдан Ленин районунун акими кабар алды

 
Ленин районунун акими Арча-Бешиктен табылган ымыркайга барды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык мэриясы таратты.

Кабарлангандай, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев Арча-Бешик конушунан табылган ымыркайдын абалын билүү үчүн №2 төрөт үйүнө барып, дарыгерлер менен сүйлөштү.

Ошондой эле аким администрация тарабынан бардык керектүү жардамдар берилерин белгиледи.

Азыркы учурда баланын абалы туруктуу жана ага тийиштүү кам көрүлүп жатат.

Эскерте кетсек, ымыркай 19-ноябрь күнү Кара-Кужур көчөсүндөгү жеке үйдүн тосмосунун жанынан табылган, ал желим баштыкка оролгон кутуда болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: