Теңгиз Бөлтүрүккө карата сот өкүмү чыкты

Маалыматка караганда, сот ошондой эле анын банк эсептерин камактан чыгарууну чечим кылды. Мындан сырткары Бөлтүрүк "Кумтөр" ишканасына келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 10 миллион сом төккөнү белгилүү болду.
Сот прокурор менен айыпталуучунун ортосунда күнөөсүн моюнуна алуу тууралуу макулдашуу болгонун айтып, мындайда ал камалбай турганын белгилеген.
Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, “Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 миллиард 146 миллион сом зыян келтирилгенин кабарлап, компаниянын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү, жабдуу боюнча мурдагы адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын ошол кездеги директору Рыспек Токтогуловду, ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановду кармаган.
30-апрелде Октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарган.
Башкы прокуратура 1-майда Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден 844 миллион 512 миң 858 сом өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын билдирген. Бирок ким канча каражат төккөнү ачыкталган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.