Ошто борбордук стадиондогу отургучтардын үстүн жабуу иштери башталды






Оштун мэри Бакытбек Жетигенов Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондогу отургучтардын үстүн жабуу үчүн чатырчаларды куруу долбоору менен таанышып, жумуштун башталуусуна старт берди. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, калаа башчысы шаар тургундары жана спорт сүйүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, отургучтардын жаандан жана күн нурунан күйүп, сынып, талкалануусунун алдын алуу максатында жасалып жаткан бул долбоор сапаттуу болушу керектигин билдирди.
"Долбоордун алкагында стадиондун кире беришинде мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын пандус, тепкичтерди куруу, имаратка желдетүү системасын орнотуу каралган.
Курулуш жумуштарын кийинки жылга бүткөрүү каралган",-деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.