Бразилия менен Аргентинанын күйөрмандары гимн учурунда массалык түрдө мушташты (видео)
Рио-де-Жанейродогу "Маракана" стадионунда Бразилия менен Аргентина курама командаларынын ортосундагы оюн учурунда массалык мушташ чыкты.
Бразилиянын гимни жаңырып жаткан учурда командалардын күйөрмандары бири-бири менен мушташа башташкан, андан соң жергиликтүү полиция кырдаалга кийлигишип, футбол күйөрмандарын дубинка менен урган. Натыйжада беттеш жарым саатка кечигип башталды.
Окуяга эмне түрткү болгону белгисиз, бирок трибунада башаламандык өкүм сүрүп жаткан маалда Лионель Месси командасын талаадан алып чыгууга аргасыз болду.
Оюн 1:0 эсебинде Аргентинанын жеңиши менен аяктады.
Бразилия менен Аргентинанын күйөрмандары жаңжалдашты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.