super.kg logo

"Ош базардан" бир адам бычакталган. Шектүү катары чөнтөк ууру кармалды

 

Бишкекте чала таанышына бычак сайганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

17-ноябрь күнү саат 00:41 чамасында 102 кызматына ооруканалардын биринен бычактан жаракат алган эркек адам түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Ооруканага милиция кызматкерлери баргандан кийин жаракат алган Т.Э. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү "Ош базарынын" аймагында оозеки чыр-чатак учурунда Т. аттуу чала таанышы курсагына бычак сайганын билдирген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалды. Ал мурда кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон, чөнтөк ууру катары каттоодо турат. Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аны тинтүү учурунда бүктөлүүчү бычакты таап алышкан. Учурда анын башка кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Учурда тергөө иштери уланып жатат жана бардык керектүү экспертизалар дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: