super.kg logo

Катта жана ээлик кыл: Номерди каттоо жеке маалыматтарды коргоого кандайча жардам берет?

 

Ар кандай жеке маалымат жоопкерчиликтүү мамилени талап кылат жана сиздин телефон номериңиз да мындан четте калбайт. Beeline Кыргызстан уюлдук оператору байланыш кызматтарынан пайдалануу ыңгайлуу жана коопсуз болушу үчүн номерди каттоо процедурасынан өтүүгө чакырат.

Катталган абонент болуу жакшы: сиз өзүңүздүн номериңизди жана байланыш кызматтарын оңой башкара аласыз, чыгымдарды көзөмөлдөй аласыз, окуянын чоо-жайын аласыз жана телефонуңузду же SIM картаңызды жоготуп алсаңыз, номериңизди тез калыбына келтире аласыз. Мындан тышкары, шылуундар сиздин жеке маалыматтарыңызга ээлик кыла алышпайт жана өз максаттары үчүн колдоно алышпайт.

Номер сиздин атыңызда экенин кантип текшерсе болот? Эгер сиз Beeline уюлдук операторунун абоненти болсоңуз, *142# териңиз. Сиз бул номер кимге катталганы тууралуу маалымат менен SMS аласыз. Эгер алынган маалыматтар чындыкка дал келбесе, анда сиз: биринчиден, каттоо процедурасынан өтүшүңүз керек. Экинчиден, аны тез, оңой жана бекер жасай аласыз.

Номерди кантип каттоого болот? Өздүгүн тастыктаган документ менен каалаган Beeline уюлдук операторунун сатуу жана тейлөө кеңсесине барыңыз. Биздин кичипейил кызматкерлер сизге номерди каттоого токтоосуз жардам беришет. Жаш курагы боюнча паспорту жок абоненттерге улуу туугандарынын катышуусу зарыл болот.

Мындан тышкары, альтернативдик вариант бар – сиз номерди өзүңүз "Мой Beeline" мобилдик тиркемесинде каттай аласыз:

• Колдонмонун негизги менюсуна өтүңүз.

• "Дагы" бөлүмүндө "Каттоо" өтмөгүн ачыңыз.

• Андан аркы көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.

Каттоо процедурасынан кийин тиркеме аркылуу болобу же Beeline офисинде болобу, сиз белекке 5 ГБ интернет алып, номериңиздин толук ээси болосуз.

Beeline: 25 жыл бою ар бир адам үчүн мүмкүнчүлүктөр!

КР СӨMгө караштуу БТЖСжККнын № 15-1420-КР, № 16-1526-КР, № 16-1527-КР, № 14-1102-КР, № 14-1125-КР, № 16-0089-КР, № 20-0388-КР уруксаттамалары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: