Бишкекте көмүрдүн тоннасы канча сомдон сатылууда? Мэриянын жообу
Кара алтынды кымбат саткандарга айып салынат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы эскертти.
Маалымдалгандай, бүгүнкү күндө Кара-Кече көмүрүнүн 1 тоннасы 6000 сом болсо, ал эми Кара-Жыра жана Шабыркүл көмүрлөрүнүн тоннасынын баасы 6 миң 200 сом болууда.
Учурда райондук администрация өкүлдөрү жана Монополияга каршы кызматы кара алтындын кымбатташына жол бербөө максатында сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Монополияга каршы күрөшүү кызматы текшерүүнүн алкагында Путепроводная көчөсүндө жайгашкан көмүр кампасынын ээсине таразаларына күбөлүгү жок болгондуктан 5 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салган.
Тиешелүү иштер борбор калаанын башка райондорунда да жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.