super.kg logo

Акыйкатчы Арча-Бешикте ташталган ымыркай боюнча үн катты

 



Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева “Арча-Бешик” конушундагы үйлөрдүн биринин эшик алдына калтырып кеткен ымыркайдын ишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Акыйкатчы Институтунан билдиришти.

Маалым болгондой, Акыйкатчы түн ичинде көчөгө ташталган жаңы төрөлгөн наристе тууралуу маалыматты алаары менен аталган институттун тийиштүү кызматкерлерине ымыркайдын укугун коргоону камсыздоону тапшырды. Кызматкерлер бала табылгандан кийин ал дарыланып жаткан төрөт үйүнө барышты.

Анда дарыгер 19-ноябрда түнкү саат 23.05те кабыл алуу бөлүмүнө милиция кызматкерлери абдан катуу үшүп калган жаңы төрөлгөн баланы алып келишкенин айткан.

“Балага бронхопневмония деген диагноз коюлду. Азыр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарылоо программасына антибиотиктерди кошушту", – деп кошумчалады дарыгер.

Институттун кызматкерлери төрөт үйүнүн башкы дарыгери менен дайыма байланышта болуп жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: