350 миллион сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды





350 миллион сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы УКМКнын 15-ноябрдагы материалдарынын негизинде Ош шаардык мэриясы тарабынан берилген апелляциялык даттануусун карап, мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берүү чечимин кабыл алды.
Мамлекетке өткөн жер тилкеси мурун, 2001-жылдын 31-июлунда Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Лима-Текс” ЖЧКсына (азыркы “Ак-Текс” ЖЧКсынын ээси) 2,83 гектар жер тилкеси убактылуу колдонууга берилип кеткен.
Ошондой эле маалыматта баалоо корутундусуна ылайык, аталган жер тилкесинин баасы кылмыш жасоо учурунда 350 миллион сомду түзгөн, бирок азыркы учурда базар баасы боюнча 800 миллион сомго жетиши мүмкүн экени айтылат.
