super.kg logo

Чек арадан он миңден ашык долларды алып өтүүгө аракеттенген чет элдик жаран кармалды

 

Бүгүн, 22-ноябрда "Достук-автожол" көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары чек арадан акча каражатын мыйзамсыз алып өтүү фактысына бөгөт коюшту. Бул тууралуу УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, болжол менен саат 08:30 чамасында Чек ара көзөмөл өткөрүү жайындаа 1981-жылы туулган У.О. аттуу Орусиянын жараны кармалып, жанынан 10 миң 200 доллар табылган.

Ага ылайык, тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана акча каражаттар андан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

"Жогоруда аталган жаран валютаны бажы мыйзамын кайгып өтүп, акча каражаттарын декларациядан өткөрбөй туруп алып өтүүгө аракет кылган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: