Бишкекте сатуучунун 1,7 миллион сомдук уюлдук телефондорун алдап кеткен шектүү кармалды
Бишкекте сатуучунун ишенимине кирип уюлдук телефондорун алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 9-август күнү милицияга А.А. аттуу жаран чала тааныш “Н” аттуу жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган.
Анда ал Чүй көчөсүндө жайгашкан уюлдук телефон саткан дүкөнүнүн биринен сатыкты ишке ашырууда натыйжа чыгарам деген шылтоо менен ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондорду алып кеткенин билдирген.
Бул факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 209-бересине ылайык (Алдамчылык) кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1997-жылы туулган О.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Келтирилген зыян 1 миллион 741 миң 300 сомду түзөт.
