super.kg logo

Садыр Жапаров Прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 22-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ал өз куттуктоосунда прокуратура коррупцияга, мыйзамдуулукту бузууга каршы системалуу жана принципиалдуу күрөш жүргүзүүгө тийиш экендигин айтты.

Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери! Кадырлуу ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Коомдогу мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин кепилдиги болгон Кыргыз прокуратурасы өлкөдө мыйзамдуулук менен тартиптин сакталышы үчүн кызмат кылып, адилетсиздикке каршы аёосуз күрөш жүргүзүп келет.

Нарк сактаган элибиздин “Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок” деген кеменгер кебин ураан кылып, прокуратура коррупцияга, мыйзамдуулукту бузууга каршы системалуу жана принципиалдуу күрөш жүргүзүүгө тийиш. Анткени, сиздер тандаган жол – адилеттүүлүк менен ар намыстын, калыстык менен мыйзамдуулуктун жолу. Бул ары сыймыктуу, ары жоопкерчиликтүү милдет!

Кыргызстандын прокуратурасы үч жыл аралыгында мамлекетибиздин пайдубалы болгон укуктук талаанын калыптануусуна жана өнүгүүсүнө багытталган бир топ алгылыктуу иштерди жасай алды. Анын ичинде, Башкы прокуратура тарабынан мамлекеттин жазык саясатын жөнгө салуучу кодекстер иштелип чыгып, колдонууга киргизилди.

Бул кодекстердин негизинде “мыйзам алдында бардыгы бирдей болсун, социалдык же саясий абалына карабастан, “кол тийбес” деген түшүнүккө жол берилбесин” деген талаптарым ишке ашууда.

Ошондой эле укук коргоо органдарынын ишмердигинде прокуратура органы заманбап жаңы ыкмаларды киргизип, укук коргоо тутумун санариптештирүүгө карата жасап жаткан алгылыктуу аракеттерин колдоого татыктуу деп баса белгилейм.

Урматтуу прокуратура органдарынын ардагерлери, сиздер басып өткөн байсалдуу жолуңуздардагы күлгүн курагыңыздарды прокуратурага кызмат өтөөгө арнагансыздар. Прокурорлук көзөмөлгө алгачкы кадам таштаган жаш адистерге таза, кесипкөй жана чынчыл кызматкерлердин үлгүсүн көрсөтүп, азыр да мол тажрыйбага негизделген кеп-кеңештериңиздерди берип келесиздер. Бул үчүн сиздерге ыраазычылыгымды билдирем.

Урматтуу прокуратура кызматкерлери, сиздерден калың журт тарабынан ыйгарылган “Прокуратура кызматкерлери – мыйзамдын ишенимдүү сакчылары” деген ардактуу наамга татыктуу болушуңуздарды талап кылам.

Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш, мамлекетте мыйзамдуулуктун, акыйкаттуулуктун үстөмдүгүн орнотуу жана укук тартиптерин бекемдөө – сиздердин негизги ишиңиздер.

Ошондуктан сиздерден акыйкат издеп кайрылган ар бир жаран колдоо табарына, мыйзамдуу талаптары ишенимдүү корголоруна терең ишенүүгө тийиш!

Прокуратура кызматкерлери мыйзамдын ишенимдүү сакчылары катары коомубузду адилетсиздиктен жана мыйзамсыздыктан коргоп келгендиктен, прокуратурасыз мыйзам үстөмдүгүн орнотуу мүмкүн эместигин баса белгилеп кетейин.

Өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон баа жеткис салымыңыздар үчүн бардык прокуратура кызматкерлерине жана кадырлуу ардагерлерине терең ыраазычылык билдирем.

Түмөн түйшүктүү жана ары жоопкерчиликтүү ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун Майрамыңыздар менен!”,-деди өлкө башчы куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: