Арча-Бешикке ташталган ымыркайдын атасы каякта экени белгилүү болду
Арча-Бешикте баштыкка оролуп, кутуга салынган абалда табылган ымыркайдын атасы абакта болгон. Бул тууралуу Акыйкатчы институту маалымдады.
Маалыматка ылайык, 21-ноябрда Акыйкатчы институнун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайга кайрадан ымыркайын таштаган энеге жолугуу үчүн барышкан. Анда ал кандай жагдайда төрөгөнү тууралуу айтып берген. Анын айтымында, үй шартында төрөгөн, ата-энеси анын кош бойлуу экенин билишкен эмес. Баланын атасы ким экенин билет, ал адам учурда абакта жатат. Кармоо шарттарына даттанган эмес, камерада ал эки аял менен бирге кармалып турган.
"Анын айтымында, аялдардын гигиенасына керектүү бардык буюмдар бар. Аны дарыгерлер текшеришкен, зарыл болгон медициналык процедураларды жүргүзүшкөн. Мамлекеттик жактоочу берилген", - деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.
Белгилей кетсек, 19-ноябрда Бишкектеги Арча-Бешик конушунда дагы бир ымыркай ташталганы жазылган. 20-ноябрда ымыркайын баштыкка ороп, кутуга салып таштап кеткенге шектелип наристенин энеси кармалган болчу.
