Кыргызстандагы эң чоң “Көк-Арт” тоннелинин курулушу кызуу жүрүүдө



Казуу иштери аяктап, түндүк жана түштүк жагынан ийгиликтүү туташтырылган “Көк-Арт” тоннелинде учурда гидроизоляция иштери, электр чубалгыларын өткөрүү жолдорун бетондоо, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана тоннель менен штольняны бетондоо жумуштары кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, "Көк-Арт” тоннели Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 334-338-чакырымдарындагы Казарман — Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан. Анын узундугу 3890 метр, туурасы 10 метр (негизги жол 8,5 метр жана эки тарабында 0,75 метрден кызматтык тротуарлар үчүн каралган), бийиктиги 8,5 метрди түзөт.
Белгилей кетсек, объект даяр болгондон кийин, карама-каршы келе жаткан эки оор жүк ташуучу унаанын тыгын пайда кылуу коркунучу жок, эркин өтө алат. Долбоордун баасы 136 миллион долларды түзөт. Тоннелди толук бүтүрүү 2024-жылдын аягына пландалууда.
