Ошто бир түндө 12 баш бодо мал уурдаган шектүүлөр кармалды
Ош облусунун Кара-Суу районунда бир түндө 12 баш бодо мал уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-ноябрга караган түнү Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын 65 жаштагы тургунунун 6 уй жана ошол эле айылдын 59 жаштагы тургунун 6 баш бодо малын белгисиз жарандар уурдап кетишкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери башталган. Ал эми уурдалган мал жүк ташуучу унаа менен Баткен облусунун аймагына ташылып кеткендиги аныкталган.
"Иликтөө иш-чаралардын жыйынтыгы менен мурда бир нече жолу соттолгон Кара-Суу районунун тургундары 1996-жылы туулган К.А., 1992-жылы туулган Б.Н., 1994-жылы туулган Ж.У. жана Кадамжай районунун тургуну 1985-жылы туулган К.Т. экендиги аныкталып, Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда жогоруда кармалган кылмышка шектүүлөр дагы башка мал уурулук фактыларына катыштыгы бар экендиги боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.