Ооруканада колу сынган адамдын өлүмү. Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлерди кызматтан алды
Бүгүн, 23-ноябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы клиникалык тез жардам ооруканасына барды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр бейтаптын өлүмү боюнча ички иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын угуп, анын өлүмүнүн себептери такталганга чейин бөлүм башчысы Бакыт Рахматов менен бөлүмдүн дарыгерин ээлеген кызматынан четтетти.
"14-ноябрда аталган тез жардам ооруканасында 38 жаштагы эркек киши каза болгон. Ал колу сынганына байланыштуу ооруканага кайрылган. Бейтаптын туугандары анын өлүмүнө ошол жерде иштеген ак халатчандарды күнөөлөшүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда соттук-медициналык экпертиза дайындалды. Бейтаптын өлүмүнүн себептери гистологиялык изилдөөдөн кийин белгилүү болот.
Кечээ, 22-ноябрда социалдык тармактарда колу сынган адам ооруканага жатып, андан кийин каза болгондугу тууралуу маалымат тараган.
