Кадамжайда адашып калган наристе ата-энесине өткөрүлүп берилди
Кадамжайда адашып калган кыз ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Баткен облустук милициясынан билдиришти.
"Кадамжай шаарынын борборунда кичинекей кыз адашып калгандыгы боюнча 102 номерине чалуу келип, ошол эле замат Кадамжай РИИБинин жашы жете электердин иши боюнча тескөөчүлөрү чыгып, кызды бөлүмгө алып келип, ата-энесин издейт. Эки саат аралыгында кыздын ата-энесин аныктап кабар берет", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгисиз себептерден үйүнөн ойноп жатып чыгып кеткен 4 жаштагы кыз милиция кызматкерлери тарабынан ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.