super.kg logo

"Контролёрлор иш алып барууда". Бишкекте коомдук транспортто рейд уланууда

 

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасы накталай эмес төлөм жүргүзүү боюнча рейд өткөрүп, каттамдарды текшерүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаар тургундарына накталай эмес төлөм боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, автобус айдоочуларына накталай акча алууга тыюу салынып, эскертүүлөр берилүүдө.

Ал эми күн сайын каттамдагы ар бир автобуска контролёрлор отургузулуп, накталай эмес төлөм көзөмөлгө алынууда.

"Урматтуу шаар тургундары! Сиздер айдоочуга берген акча каражаты шаардык бюджетке түшпөй калат. Ошон үчүн жол кире акысын накталай эмес төлөм аркылуу жүргүзүүнү суранабыз",-деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек, накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот:

Үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген).

- Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
- Виртуалдуу NFC картасы;
- Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR сканерлөө;
- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: