super.kg logo

Бишкектин вице-мэри шаардыктарга кайрылды

 

Жаңы алынган автобустар Бишкектин чоң магистралдык жолдорунда каттамда болот. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноярбрда Бишкек шаардык кеңештин кезектеги жыйынында Бишкек шаарынын виц-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди.

“Мен шаар тургундарына кайрылат элем. Азыр жаңы автобустарды алдык, бирок алар чоң магистралдарда жүрүүгө ылайыкталган. Шаардын кычык-пычык жолдоруна аларды чыгарбайбыз”, - деди ал.

Сазыкуловдун айтымында, жакында эле бир шаар тургунунан кайрылуу келген. Анда ал Чүй проспектиси менен жүргөн кичи автобусту Киев көчөсүнө каттамга чыгарууну суранган. Анткени шаар тургуну өзү Киев менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде жашагандыктан ага бул ыңгайлуу болгон.

"Жарандар үчүн 700 метр жолду басып өтүү кыйын деле эмес", - деп кошумчалады Бишкектин вице-мэри.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: