super.kg logo

"Ага эмне кереги бар?". Ташиев Көлбаевдин апасы унаанын документтерин бербей жатканын айтты

 

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин унаалары эмне болорун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден сурады.

Ташиев өз сөзүндө Көлбаевдин 60тан ашык унаасы алынганын, алардын кээ бирлеринин документтери жок экенин айтты.

"Камчы Колбаевдин 60тан ашык унаасы алынды. Ошонун 6 унаасынын документтери такталып, Мүлк фондуна өттү, алар сатып жатышат. Калган көптөгөн унааларын үйүнөн, офистеринен, пансионаттардан алып чыгып жатабыз. Кээ бир унааларынын документтери жок. Кээ бир унааларын таштап коюп качып кетишкен.

Көлбаевдин өзүнө эле эмес, мүчөлөрүнө, үй-бүлөсүнө жана башкасына, апасына бир нече унаалар катталган. Апасына 5, 6 брондолгон унаанын эмне кереги бар? Апасы ооруп жатып, документтерин бербей жатат. Калган унаалардын баарын соттун чечими менен алабыз. Бир дагы унаасы көчөдө калбайт.

Үч кызы үч BMW сурады эле берген жокпуз, жөнөкөй унааларда жүргүлө деп. Аялына бир унааны бердик", - деди Ташиев.






Ташиев Көлбаевдин апасы унаанын документтерин бербей жатканын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: