Баткенде бардык шарттары менен эки кабаттуу бала бакча ачылды







Баткенде бөбөктөр үчүн бардык керектүү шарттары менен 2 кабаттуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен районуна караштуу Ак-Сай айыл аймагынын Капчыгай айылындагы бала бакчанын курулушу мамлекет тарабынан каржыланып, жалпы аянты 406,4 чарчы метрди түзөт.
"Долбоорго ылайык бала бакчада балдар үчүн санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган төмөндөгү шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, кийим алмаштыруучу жайлар, ашкана, буфет, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр. Андан тышкары гимнастика менен машыгуу үчүн бөлмө, музыкалык сабактар бөлмөсү жана медициналык кабинет каралган. Бала бакчанын аймагында балдар үчүн оюн зоналары - жабдылган аянтчалар курулду", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда бала бакчанын курулуш жумуштары толугу менен бүткөрүлүп, эмерек жана техникалык жабдуулар менен камсыздандырылды.
