Бишкекте Ден соолукту чыңдоо борборунун бир катар жетекчилери мыйзамсыз акча алганы аныкталды
Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборунун бир катар жетекчилери жарандардан мыйзамсыз акча алууга шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган борбордун бир катар жетекчилери ээлеген кызматын кыянаттык менен пайдаланып, документтерди жасалмалоо жолу менен акысыз көрсөтүлгөн кызматтары үчүн жарандардан мыйзамсыз акча алышканы аныкталды. Түшкөн каражаттар жеке муктаждыктарына жумшалганы айтылат.
"Ошондой эле 2022 -жылы негизсиз алынган кирешенин суммасы 1000000 сомдон ашык экени аныкталды. Бул уюмдун мурдагы жылдардагы ишмердүүлүгү текшерилип жатат" деп жазылат маалыматта.
Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
