Түркияда тарыхый мурасты камтыган Чаталхөйүк борбору ачылды
Түркия маданий мурастарды сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерин улантууда. Анын алкагында дүйнөнүн эң эски жана эң маанилүү калктуу конуштарынын бири болгон Конья шаарындагы Чаталхөйүктө заманбап маалымат жана туризм борбору ачылды.
Маалыматтарга караганда, Чаталхөйүк туризм жана маалымат борбору - бул археологиялык казынаны изилдөөнүн жана таануунун жаңы доорун кабарлайт. Негизги максаты ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас объектисинин бай мурастарын ар тараптуу камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан, жаратылышты коргоого багытталган долбоордук сайттын ичинде чет жактан келген коноктор үчүн анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
"Борборго Конья шаардык мэриясы, Мевлана өнүктүрүү агенттиги жана Маданият жана туризм министрлиги Түркиянын Чаталхөйүк мурасын сактоо жана жайылтууга салымын кошуп келет". - айтылат билдирүүдө.
Тарыхый мурасты өзүнө камтыган Чаталхөйүк борбору тууралуу
Археологиялык аянттын ичинде жайгашкан Чаталхөйүк туристтик маалымат борбору археологиялык кереметтерге жана маданий мааниге толгон дүйнөгө символикалык портал болуп саналат. Аталган борбор 28 500 чарчы метр аянтты ээлейт. Ал ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген 9 миң жылдан ашкан бир коом жөнүндө түшүнүк берет. Тагыраагы, андагы артефакттар, ылай кирпичтен салынган үйлөр жана храмдар ошол мезгилде алгачкылардан болуп отурукташкандардын жашоосун жана социалдык өнүгүүсүн кеңири түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
Чаталхөйүктүн маанилүүлүгү анын кылымдык жашында жана адамзат коомунун эволюциясын, коомдук түзүлүшүн ошону менен катар маданий практикаларын туюндурган баалуулуктарынын сакталышында. Конуштун өзгөчө дизайны катары - кластерлерде курулган үйлөр, жалпы дубалдары жана чатырынын тешиктери шаар курууну жана туруктуу жашоону көрсөтүп турат.
Борбордун архитектуралык дизайны уникалдуу, чатырдан башкасы толугу менен жыгачтан курулду. Түркия өлкөсүнүн эң маанилүү мамлекеттик инвестициясы болуп саналат.
