Лейлекте жыл башынан бери 16 чакырым жолго асфальт төшөлдү











Баткендин Лейлек районунун аймагында жыл башынан бери 16 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, анын 6 чакырымы республикалык бюджеттен каржыланган. Жолдордун курулушуна 41 миллион сом каралган.
Алар:
-Раззаков-Беш-Бала-Ак-Суу жолунун 4 чакырымы
-Раззаков-Гордой-Кекире жолунун 2 чакырымы
Ал эми 10 чакырым 495 метр унаа жолдоруна 33 миллион 185,3 миң сомдук асфальт төшөлгөн. Бул каражаттар айыл аймактардын жергиликтүү бюджетинен, Баткен облусунун өнүктүрүү фондунан, Лейлек районунун өнүктүрүү фондунан жана үлүштүк гранттын эсебинен каржыланган.
Алар:
-Тогуз-Булак айыл Өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылынын узундугу 410 метр болгон Сейдалиев көчөсү;
-Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Суу айылынын 1 чакырым 100 метр болгон Достук жана Орто көчөлөрүнө;
-Кулунду айылынын 1 чакырым 50 метр болгон Батыш борбордук көчөлөрүнө;
- Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка айылынын 1 чакырым 300 метр болгон С.Шамшиев жана Р.Турсунбаев көчөлөрүнө;
– Катраң айылынын 603 метр болгон Манас көчөсүнө;
– Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылынын 800 метр болгон А.Садыков көчөсүнө;
– Ак-Суу өкмөтүнө караштуу Ак-Суу айылынын 900 метр болгон Ынтымак жана Жаңы-Абад көчөлөрүнө;
– Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Андархам айылынын 700м болгон А.Отабаев көчөсүнө;
– Раззаков шаарына караштуу Чимген айылынын 1 чакырым 200 метр болгон Тагай Жакып жана Р.Темирбаев көчөлөрүнө;
– Жаңы-жер айыл өкмөтүнө караштуу Борбордук айылынын Хамидов көчөсүнүн 500 метр аралыгына;
– Жаңы-жер айыл өкмөтүнө караштуу Жаштык айылынын Т.Садыков көчөсүнүн 750 метр аралыгына;
– Жаңы-жер айыл өкмөтүнө караштуу Арка айылынын Орто көчөсүнө 1182 метр аралыгына.
