super.kg logo

ОшМУ эл аралык рейтингде алдыңкы үчтүккө кирди

 
Билим берүү жана илим министрлиги Ош мамлекеттик университети Евазиялык билим берүү мейкиндигиндеги рейтингде алдыңкы үчтүккө киргендигин билдирди.
Маалыматка ылайык, “IAAR Eurasian University Ranking – 2023” эл аралык рейтингине Казакстан, Нидерланды, Индия, Түркия, Латвия, Азербайжан, Молдова, Армения, Грузия, Кыргызстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин алдыңкы университеттери катышкан. Ал рейтингде биринчиде Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети (Казакстан), экинчиде Орусия өкмөтүнө караштуу Финансы университети (Россия), үчүнчүдө Ош мамлекеттик университети жайгашты.
"IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR)” рейтинги IREG (Observatory on Academic Ranking and Excellence) рейтингин жүргүзүүнүн эл аралык методикалык стандарттарына негизделип IAAR агенттиги тарабынан иштелип чыккан жана жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүнүн сапатын комплекстүү баалоого багытталган", - дейт маалыматта.
Эске салсак, Ош мамлекеттик университети – 2022-жылы Кыргызстанда өзгөчө макам алган беш университеттин бири.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: