Транспорт министрлиги ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди
Бүгүн, 24-ноябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Бул тууралуу транспорт министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 09:30да алынды.
Буга байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.
"Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары менен Өтмөк, Ала-Бел жана Төө-Ашууда жол ачык, каттам бар.
Ал эми Каракол-Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу жана Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда бороон болууда, каттам бар",-деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрликтен чынжыры жок жана жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуу менен жасалма тыгын жана авариялык абал жаратып жаткандыгын билдирди.
Мындан улам Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
