super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте бокс боюнча Айбек Абдымомуновдун наамына арналган Кыргызстандын кубогу башталды  

 

Кечээ, 23-ноябрда Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча жаштар арасында туңгуч Дүйнө чемпиону, Кыргыз Республикасынын Эл аралык класстагы спорт чебери Айбек Абдымомуновдун наамына арналган Кыргызстандын кубогу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине Айбек Абдымомуновдун замандаштары, машыктырууучулары жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Ага ылайык, аталган мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышууда. Катышуучулар 33,35, 37, 40, 43, 46, 49, 52, 55, 58, 61,64, 67, 70, +70 килограммга чейинки салмак категорияларында күч сынашат.

Белгилей кетсек, Айбек Абдымомунов бокс боюнча жаштар арасында 2004-жылы дүйнө чемпиону болгон, эл аралык даражадагы спорт чебери, Филиппинде өткөн Азия чемпионатынын күмүш байгенин ээси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: