super.kg logo
  Спорт  

"Араңардан бир эркек чыккан жок". Белгилүү мушкер сенсация жараткан казак футболчуларына кайрылды

 

Белгилүү казакстандык ММА мушкери Куат Хамитов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу "Евро-2024" турнирине тандоо оюндарында сенсация жараткан казакстандык футболчуларга видео кайрылуу жасады.

"2017-жылдан бери футбол темасын көтөрүп келем. Ошондон бери чындап эле араңарда жоопкерчиликти ала турган бир дагы эркек чыккан жокпу? Баарыңар эле айылдан чыксаңар керек. Айылдарда азыр асфальт жол жок, медицина кыйын абалда, "Тез жардам" унаасы, жумуш жок. Айылдар азыр оор абалда экенин көрбөй жатасыңарбы? Шаарларды айтпай эле коёюн, алар да аянычтуу абалда. Жаштар эмне кыларын билишпейт.

Чынында, мунун баарын көрүп туруп, ушунча жыл араңардан бир кишини, футболчуну качан айтат деп күтүп жүрдүм. Араңардан бирөө чыгып: “Балдар, элден акча алганды токтотолу. 30 жылдан бери 1 миллиард 500 миллион акча коротулду, эч кандай жыйынтык жок, турнирлерде жеңиш жок, рейтингде 99-100 орунда турабыз, элибизди тоноону токтотолу. Бул коррупциянын бир түрү. Элдин акчасына тийбейли, демөөрчүлөрдү табалы, кандайдыр бир жол менен өзүбүз жыйынтык көрсөтөлү” деп айта турган жигит чыгабы деп күттүм", - деди Куат Хамитов.

Эске сала кетсек, Казакстан "Евро-2024" турнирине тандоо оюнунда утулуп калган. Бирок бул курама команданын Европа чемпиондугуна чыгууга дагы да болсо Улуттар Лигасы аркылуу чыгууга мүмкүнчүлүгү бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: