super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык боксчулар эл аралык турнирде 5 медаль тагынышты

 

Бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Минск шаарында өтүп жаткан Советтер Союзунун баатыры Виктор Ливенцевдин жаркын элесине арналган эл аралык турниринде 5 медаль 2 алтын, 2 күмүш жана 1 коло тагынышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча департаментинен кабарлашты.

Маалым болгондой Мунарбек Сейитбек уулу 60 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалдык беттеште Беларустун спортчусу Артур Туниевди жеңсе, Анвар Ходжиев финалда орусиялык Адам Альвиевди жеңип алтын медаль утту.

Аскат Култаев 67 килограмм жана Бакыт Токтосун уулу 92 килограмм салмак категориясында 2-орунду ээлегенге жетишишсе, Баяман Азизбек уулу 57 килограммда 3-орунду алган.

Белгилей кетсек, эл аралык турнирге жалпы 8 мамлекеттен 107 спортчу катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: