super.kg logo

Бишкекте чел өлкөлүк жарандын 2500 долларын алдап алып кеткен жаран кармалды

 

Бишкекте чет өлкөнүн жаранын алдаганга шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 21-ноябрда милицияга чет өлкөнүн Д.Х. аттуу жараны арыз менен кайрылып, чала тааныш “Э” аттуу аялга карата чара көрүүнү суранган. Себеби шектүү 2021-жылдын март айында жабырлануучунун ишенимине кирип, АКШга виза алууга жардам берем деген шылтоо менен 2500 доллар жана 15 миң сом акча каражатын алган бойдон кабарсыз болуп кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду.

Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1978-жылы туулган Б.Э. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: