super.kg logo

Акыйкатчыга уулу ак жеринен адам өлтүрүүгө айыпталып 25 жылга кесилгенин айткан эне кайрылды 

 

Бүгүн, 24-ноябрда акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда жергиликтүү тургундардын көбү милиция, прокуратура, сот кызматкерлери тарабынан алардын укуктары бузулуп жатканын айтып, даттанышты. Мындан улам акыйкатчы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө алар тарабынан айтылган арыздарды жеринде чечүү талабын койду.

"Каракол шаарынын жашоочусу 25 жылдан бери акыйкаттыкка жете албай жатканын билдирди. Аялдын айтымында, анын участогун үйү менен Каракол шаардык мэриясы “мамлекеттин керектөөсү үчүн” деп алган. Бирок ал мыйзамга ылайык аны турак-жай менен камсыздоо талабы менен көп жылдан бери соттошуп келе жатат. Мындан тышкары акыйкатчыга уулунун укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен улгайган аял да кайрылды. Анын айтымында, милиция кызматкерлери “аялды өлтүрдү” деген күнөөнү мойнуна алдырыш үчүн анын уулун кыйнашып, сот аны 25 жылга эркинен ажыраткан", - деген даттануулар болду деп айтылат маалыматта.

Жаманбаева өз сөзүндө Акыйкатчы институту өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык, Кыргызстандын жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча бардык чараларды кабыл аларын белгиледи.

Жыйын Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук администрациясынын имаратында өтүп, ага 170 тургун келди. Жолугушууга президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Ички иштер башкармалыгынын башчысы, облустун прокуратура органдарынын жетекчилери жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: